Уланбек кары Курманбаев: «Соопту иштерде дагы ысырапка жол берилбеши керек»

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаевдин катышуусунда, райондун кварталдык башкаруучулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен КР Президентинин №54 жарлыгы боюнча түшүндүрүү жыйыны болуп өттү.

Жолугушууда райондун баш имам-хатиби Улан каары баяндамасында төмөнкү сөздөрдү айтып өттү:

«Урматтуу жолугушуунун катышуучулары, оболу баарыӊыздарды айлардын султаны болгон ыйык Рамазан айы менен чын дилимден куттуктаймын! Баарыбызга маалым болгондой, журт башчыбыз ысырапты жоюу максатта жарлыгын жарыялап, ысыраптуу токтотуу иштери жүрүп жатат. Жадагалса урматтуу муфтийбиз Рамазан айында ооз ачкан жерлерде дагы ысырапка жол койбоого жалпы имамдарды милдеттендирди. Демек, динибиз соопту иштерде дагы ысырапка жол бербөөгө үндөйт».

Казыяттан билдиришинче, борбор калаада маркумду акыркы сапарга узатууда жана тойлордо ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Анын алкагында ар бир райондогу кварталдын башчылары жана жооптуу өкүлдөр менен жолугушуулар өтүүдө.