Ош шаарында мечит имамдарына тазалык боюнча жыйын болуп, тиешелүү тапшырмалар берилди

Бүгүн, 11-март күнү Ош шаарынын борбордук мечитинде имамдарга жыйын уюштурулуп, мечиттердин тазалыктары, кызыл сызыкка кирип кеткен мечиттин короолору, маркумду акыркы сапарга узатуудагы зыйнаттар, намаз убактылары жана Куран хатмдарын өз тартибинде болушу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Жыйынга Ош шардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош шаардык тазалык муниципиалдык ишканакасынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Азимов, казыяттын эмгек жамааты жана мечит имамдары катышты.

Саамалык алгач Ыйык Куран тилаваты менен башталып, андан соң Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, эл менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасын берди.

«Жылда эле аткарылуучу жазгы үч айлар тазалыгы башталды. Шариятыбыз дагы тазалыкка терең маани берет. Биздин дин кызматкерлери тазалык иштеринин сап башында болушу керек. Өздөрүңүздөргө тиешелүү аймактарда ишембилик өткөрүп, казыятка билдирүү берип тургула», – деди шаар казысы.

Жыйын соңунда мечит имамдарына Ыйык Куран белек кылынды.