Төрт-Күл айылында маркум Улан Букаевдин атынан кайрымдуулук иши жасалды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылында Тоң районунун баш имам-хатиби жана имамдарынын түшүндүрүү иштеринин негизинде, маркум Улан Букаевдмн жакындары ага сообун багыштап кайрымдуулук иштерин жасашты.

Алар Иманова жана Аралбаев Камымбек ата көчөлөрүнө кум төгүп, жолду жакшыртып, айыл тургундары үчүн шарттарды түзүп беришти. Бул иш-чара айыл эли тарабынан чоң ыраазычылык менен кабыл алынып, маркумдун жакындарынын сооптуу аракети жогору бааланды.

Жергиликтүү имамдар жана айыл аксакалдары мындай кайрымдуулук иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, элди ысырапкорчулуктан алыс болуп, коомго пайдалуу жакшылыктарды көбүрөөк жасоого чакырышты.