Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы «Хасан ажы» мечитинде 33 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды.
Аталган жардам баштыкчасында ун 50 кг, 5 л май, макарон, күрүч ж.б. керектелүүчү азык-түлүктөр камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы баасы 150 миң сомду түздү.
«Рамазан айында жакшылык иштер, кайрымдуулуктарды жана ибадаттарды көбүрөөк аткарып калуу керек. Орозо кармоо менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын сезүүсү, кайрымдуулук иштеринде өз берешендигин көрсөтөт», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Аталган кайрымдуулук иш-чарасы «Ас-Сафа» фондунун колдоосу менен өткөрүлдү.