Сузакта айыл имамынын эмгегин баалаган жаштар умра сапарына жолдомо беришти

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Таранбазар айылынын 1988-жылы туулган жаштары “Сейдакмат” жума мечитинин имамы Айтали Сейитовго улуу рамазан айынын урматыга умра сапарына жолдомо белек кылышты. Жолдомону аталган райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов тапшырды.

Райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов буга чейин аталган айылдын жаштары райондук хатибиятка кайрылып, Рамазан айынын урматына жакшы иш жасоо ниетин билдиришкендигин, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен айыл имамын умра сапарына жиберүү чечими кабыл алынгандыгын айтып, жаштардын жакшы аракетине алкоо сөзү менен ак батасын берди.

Эске салсак, Айтали Сейитов Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Таранбазар айылында 15 жылдан бери имамдык кызматты аркалап келет.