Кара-Сууда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 12-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйынга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Кара-Суу районунун акимдин орун басары Айжан Куланова, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, РИИБ ЭММКАКтын жетекчиси милициянын майору Эсен Ашимов, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, райондогу айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, аксакалдар жана мечит имамдары катышты.

Айта кетсек, буга чейин Кара-Суу районунда дин кызматкерлери, ДОЖ студенттери жана айымдар үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.