Тоң районунун имамдары үчүн «Фикхуль Акбар» боюнча сабак өттү

Бүгүн, 12-март күнү Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун имамдары үчүн атайын сабак өттү. Диниятчылардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулган бул сабакта «Фикхуль Акбар» китеби боюнча терең түшүндүрмө берилди.

Сабак учурунда имамдар өздөрүнүн суроолорун берип, талкуу жүрүп, пайдалуу пикирлер айтылды.

Катышуучулар сабактын пайдалуу жана маанилүү болгонун белгилешип, лекторго жана казыятка ыраазычылыктарын билдиришти.