Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы облустук драмтеатрда Талас шаардык мэриясы тарабынан суицид, зордук-зомбулук маселелери боюнча кеңири жыйын иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – өспүрүмдөрдүн жана жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу болду. Бул маанилүү жыйынга облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, социалдык коргоо тармагынын адистери, мектеп мүдүрлөрү, мугалимдер, студенттер жана ата-энелер катышты.
Жыйында адистер тарабынан коомдо тынчсыздануу жаратып жаткан көйгөйлөр, айрыкча өспүрүмдөр арасында орун алган өзүнө кол салуу, зордук-зомбулук жана башка терс көрүнүштөрдүн себептери жана аларды алдын алуу жолдору талкууланды. Иш-чарага Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев катышып, атайын баяндама жасады. Ал акыркы убактарда өлкө аймагында суицид жана зордук-зомбулук фактылары көбөйүп жатканын тынчсыздануу менен белгиледи.
Мындай жагымсыз көрүнүштөрдүн себеби көп экенин айтып, негизги факторлордун бири катары үй-бүлөлүк тарбиянын начарлашын, ата-энелердин балдарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганын, интернеттеги терс таасирлердин күчөп жатканын жана балдарыбызды колдогу телефондор тарбиялап калганын белгиледи.
Облус казысы ата-энелерди, мугалимдерди жана коомчулукту жаштардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, руханий баалуулуктарды жайылтуу, үй-бүлөлүк институтту бекемдөө жана диний сабаттуулукту жогорулатуу менен гана мындай көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн экенин баса белгиледи. Ошондой эле бул маселеде ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин, укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусу зарыл экенин кошумчалады.