Ажылыкты уюштуруу штабы САПтын «Араб мамлекеттери» ажыларды тейлөөчү ассоциациясы менен онлайн пикир алышты

КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев САПтын «Араб мамлекеттери» ажыларды тейлөөчү ассоциациясынын вице-президенти Хассан Маажини менен аралыктан сүйлөштү. Онлайн талкууда негизинен 2025-жылдагы ажыларды тейлөө кызматын жакшыртуу боюнча пикир алмашылып, сунуштар ортого салынды.

Аралыктан баарлашууга штаб жетекчиси жана орун басары Давранбек ажы Жунусалиев, штаб өкүлдөрү, ал эми САП тараптан «Икром Дойф» ажыларды тейлөөчү компаниясынын жетекчисинин орун басары Адил Жуббалий катышты.

Айта кетсек, учурда зыяратчылардын документтерин визага даярдоо иштери кызуу жүрүүдө.