Ноокенде Рамазан айынын урматына 80 балага окуу куралдары таратылды

Ноокен райондук хатибияты Рамазан айынын урматына демөөрчүлөрдүн жардамы менен ата-энесинен эрте ажыраган 80 окуучуга  атайын окуу куралдарын тапшырды. Иш-чара райондун борбордук “Нур” жума мечитинде болуп, ага райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков катышты.

Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Рамазан айы кечиримдүүлүк менен берешендиктин айы экендигин айтып, өздөрүнүн атын атоодон баш тарткан кайрымдуу, берешен инсандарга өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө, “Жетимдин башын сылоо, аларга жакшы сөз айтып, камкордук кылуу ар бир момун мусулмандын милдети. Райондук хатибият жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз кызматташып, район аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ата-энесинен эрте ажыраган жетим балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дайыма жардам колун сунуп келебиз. Биздин демилгени четке какпай колдоо көрсөткөн жергиликтүү ишкерлерден Аллахым ыраазы болсун!”, – деди.