Токмокто мечит жамааты аз камсыз үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулады

Токмок шаарындагы «Шакирхон Торо» мечитинде муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга күнүмдүк зарыл болгон азык-түлүк түрлөрү таратылып, алардын жашоо-шартын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Бул кайрымдуулук иш-чарасы мечиттин имамы жана ыктыярдуу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, жардам алган үй-бүлөлөргө чоң сүйүнүч тартууланды. Иш-чараны уюштуруучулар мындай колдоо иштерин мындан ары да уланарын белгилешти.