«Биз жер бетин тазартсак, Жараткан биздин жан дүйнөбүздү тазартат»

Борбор калаа Бишкек шаарынын бардык мечиттеринде ишембилик өткөрүлдү. Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматовдун протоколдук тапшырмасынын негизинде, бардык мечиттердин ички жана сырткы айланалары тазаланды. Ишембилик бир гана мечиттерде гана эмес, шаардагы диний окуу жайларда да уланды.

«Ислам динибиз тазалыкты биринчи орунга койгон дин экендиги эч кимге сыр эмес. Динибиз Жараткан Аллах Таалага ибадат кылуусунда ар бир пенденин денеси менен кошо ибадат кылчу жери таза болуусун талап кылат. Ошону менен бирге динибизде адамдар баскан жана эс алган жерлерге таштанды-булганычтарды таштоону тыюу салат. Жогорудагы динибиздин талаптарын жана атуулдук милдеттерибизди эске алуу менен, борбор калаада масштабдуу ишембилик жасалды», – деп маалымдашты калаа казыятынан.