Бирлик айылынын имамына унаа белек кылынды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылынын имамы Рысбек Толоев үчүн быйылкы Рамазан айы өзгөчө кубаныч тартуулады. Айыл эли анын көп жылдык ак ниет эмгегин баалап, күтүүсүз белек катары жети орундуу унаа тартуулашты.

Рысбек Исаев 13 жылдан бери айылдык мечитте имамдык кызматты аркалап, ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин айылдагы бардык жакшылык-жамандыктын башында жүрүп, элге кызмат кылып келет. Анын мээнети бааланып, айылдын жаштары өз ара демилге көтөрүп, сый-урматтын белгиси катары унаа тартуулоо чечимине келишкен.

Белек тапшыруу аземине Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов өзү катышып, жалпы айыл элине, айрыкча демилгечи жаштарга терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, касиеттүү Рамазан айында жасалган бул сооптуу иш элге эселеп жакшылык алып келсин деген тилегин айтты. Күтүүсүз жана чоң сыйга ээ болгон Рысбек Исаев ыраазычылыгын билдирип, айылдаштарына дуба кылды.

Бул окуя айыл элинин ынтымагын дагы да бекемдеп, берекелүү Рамазан айын кубанычтуу кылды.