Борбор калаадагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде азанчыларды окутуу курсу жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Муфтияттын алдындагы илимий изилдөө институтунун директору Шүкүр ажы Исмаилов, илимий адис Муназбек Зарлыков жана ордо калаадагы диний кызматкерлер катышты.
«Мусулман кандай иш кылбасын, эң кооз жана сапаттуу аткарууга тийиш. Анткени анын ар бир аракети, ар бир сөзү улуу динибиз болгон исламды туюнтуп туруу керек. Күнүнө 5 жолу Алланын барлыгын жана бирлигин даңазалап, намазга чакыруу да эң кооз болушу зарыл», – деди муфтийдин 1-орун басары өз сөзүндө.
Самаган ажы Мырзаибраимов атайын убакыт бөлүп курска катышкан дин кызматкерлерине жана сабак берген макамчы Нурболсун Адышовго ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, аталган саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун азанчыларды окутуу боюнча берген тапшырмасынын алкагында ишке ашырылды.