Раззаков шаарында диний окуу жайдын мугалимдери үчүн усулдук чеберчилик боюнча семинар өтүлдү

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы Абдулло ибн Аббас атындагы ислам институтунда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган окуу семинары болуп өттү. Иш-чарада сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмалары, санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап билим берүү талаптары талкууланды.

Семинарды Баткен казыятынын кадрлар жана катчылык адиси Фуркат ажы Авлиёев өткөрүп, мугалимдерге жаңы окутуу методдорун колдонуу, сабак өтүүдө инновациялык технологияларды киргизүү жана диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңири маалымат берди. Ал мугалимдер менен тажрыйба алмашып, заманбап билим берүүдө окутуучулардын жоопкерчилиги жана ролу тууралуу ой бөлүштү.

Фуркат ажы Авлиёев өз сөзүндө диний билим берүүдө ыкмаларды туура тандоо менен студенттердин кызыгуусун арттырып, алардын илимге болгон умтулушун күчөтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, жаңы санарип технологияларды колдонуу мугалимдердин жумушун жеңилдетип, окуу процессин дагы да натыйжалуу кылууга көмөкчү болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда Абдулло ибн Аббас атындагы ислам институтунда 17 мугалим эмгектенет. Алар студенттерге диний билимдерди тереңдетип үйрөтүүгө салым кошуп келишет. Семинарга катышкан мугалимдер окутуу усулдары боюнча ой бөлүшүп, сабак өтүүдө натыйжалуу тажрыйбаларды талкуулашты.