Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкерлери “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн колдоо максатында ишембиликке чыгышты. Анын алкагында мекеменин ичи-сырты тазаланып, короосу таштандыдан арылды. Ошондой эле көчөттөрдүн түбү жумшартылып, арыктар тазаланды.
«Ислам дини тазалыкка үндөйт эмеспи. Биз диний мекеме болгондуктан, коомду ар убак тазалыкка чакырып келебиз. Тазалыкты сактоо дегенде бир гана денени же кийимди эмес, үй-жайды, айлана-чөйрөнү, дегеле Мекенибизди таза кармоого аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле жан дүйнөнүн, жүрөктүн жана ниеттин тазалыгы да абдан маанилүү», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев.
Айта кетсек, азыркы тапта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү бардык диний объектилерде жана алардын территорияларында массалык ишембиликтер өтүүдө.