Ош шаарында ДОЖ жетекчилерине Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзам жана аны ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Ош шаарындагы «Имам ал Бухарий-Алай» мечитинде Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаарындагы ДОЖ жетекчилерине багытталган жыйын уюштурулуп, анда Муфтияттын диний билим берүү жараянын жакшыртуу иш-планы жана жаңы кабыл алынган Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамынын максаттары түшүндүрүлдү.

Жыйынга Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев, КР ДИМК түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош шаардык казыятынын эмгек жамааты жана өлкөнүн түштүк аймагындагы жалпы диний окуу жайдын жетекчилери менен өкүлдөрү катышты.

“Ушул күнгө чейин ар бир медресе өздөрүнө таандык окутуу программаларынын негизинде билим берүшчү. Мындан ары бардык медреселер бирдиктүү окуу программасына өтүшөт. Окуу процесси бир типтүү болуп, жаңы кабыл алынган мыйзамдын талаптарына шайкеш болот”, – деди Самаган ажы Мырзаибраимов.

Ошондой эле Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Муфтияттын алдыга койгон иш-пландары менен тааныштырып, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бирдиктүү окуу программасы, диний окуу жайлардын статусу, диний билим берүү жараяны, окуу китептери жана окутуучуларга коюлган квалификациялык талаптар туурасында түшүндүрдү.

Ал эми КР ДИМК ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн диний билим берүүгө тиешелүү пункттарын түшүндүрдү.

Жыйналыштын аягында мүдүрлөр өздөрүнүн суроолорун жана сунуштарын беришип, күн тартибинде каралган маселелер боюнча кенен маалымат алышты.