Кечээ, 20-мартта Чүй облусунун Москва районунда ири масштабдуу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Муктаж жарандарга колдоо көрсөтүү жана орозо айынын берекесин бөлүшүү максатында уюштурулган саамалыкта 250 муктаж адамга ар бирине 5000 сомдук азык-түлүк таратылды.
“Жыл сайын Рамазан айында имамдарыбыз кайрымдуулук иштерин өткөрүүдө өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Суу отту өчүргөн сыяктуу эле, садака да күнөөнү өчүрөт». Садакалар эки дүйнөдө тең пайдасын берет. Бул саамалык Аллахтын ыраазылыгына татыган сооптуу амалдардын бири болуп калды”, – деди облус казысы.
Дин кызматкерлеринин социалдык демилгелери муктаж жарандарга кубаныч жана үмүт тартуулаарын айткан Москва районунун акими Ниязбек Козуев: “Кайрымдуулук – адамдардын жүрөгүн бириктирген, коомду бир бүтүн кылган эң улуу иштердин бири. Ким башка бирөөгө жардам берсе, анын жакшылыгы кайра өзүнө кайтып келет. Жакшы адамдын артында жакшы иштери гана калат”, – деп белгиледи.
Район акими өз сөзүндө иш-чара демөөрчүсү ОсОО “Тулпар Моторс” унаа заводунун жетекчиси Махамат-Али Юсуповго ыраазычылык билдирди.
Аталган иш-чарага Москва районунун башкы имам-хатиби Искендер Джекеев, “Таштан ажы” медресесинин мүдүрү Махмадали Махмашарипов жана дин кызматкерлери катышты.
Жардам алган үй-бүлөлөр сооптуу ишке салым кошкондорго терең ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти. Алардын айтымында, мындай кайрымдуулук иш-чаралары элдин ынтымагын бекемдеп, бири-бирине кол сунууга түрткү бермекчи.