Кара-Дарыя айылында өспүрүмдөр арасында Куран жарыш өттү

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылындагы “Муслим Абад” жума мечитинде Рамазан айынын урматына жаш өспүрүмдөр арасында “Куран – жан дүйнөнүн азыгы” аттуу сынак болуп өттү.
Райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов сынак айыл өкмөт имамдары тарабынан демилгеленип, жергиликтүү ишкердин колдоосу менен ишке ашкандыгын, сынакка Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн жалпы 70 бала катышканын айтып, алардын 55и Куранды жатка айтуу боюнча жарышса, калган 15и азан айтуу боюнча өздөрүнүн дараметин сынап көрүшкөндүгүн билдирди.
Конкурс соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана атайын дипломдор берилип, иш-чараны колдоого алган жеке ишкерге Сузак райондук хатибиятынын Ыраазычылык каты тапшырылгандыгын кошумчалады.