Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов менен райондогу жалпы имамдар жана диний окуу жайлар менен биргеликте Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылына 721 көчөт отургузушту.
«Өлкө башчысынын «Жашыл Мурас» демилгесин колдоо максатында облус аймагындагы дин кызматкерлери тарабынан көчөт отургузуу иштери башталууда. Ар бир район аба-ырайына карап, көчөт отургузуу иштерин жүргүзөт. Бүгүн Кара-Суу районунда башталып, ага казыят кызматкерлери да өз көчөттөрүн кошуп, жаңы конуш болгон «Жаңы-Барак» айылына 721 көчөт отургузулду. Дин кызматкерлери көчөттөрдү өз каражатынан кайрымдуулук катары жумшап, жакшы жөрөлгө башталды. Динибизде да көчөт отургузуу сооптуу амал экендиги Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистеринде айтылган. Ошондуктан, бул иш-чара жыл сайын уланат деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Айта кетсек, аталган айыл тургундары отургузулган көчөттөрдү карап, көктөндүрүүгө көңүл буруша тургандыгын билдиришти.