Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Исар” кайрымдуулук фонду тарабынан 50 жалгыз бой энеге 300 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков улуу Рамазан айынын берекеси менен кайрымдуулук жасаган фонддор, жеке ишкерлер, жөнөкөй жарандар тарабынан кайрымдуулук иштери байма-бай жүргүзүлүп жаткандыгын айтып буларга токтолду.
«Рамазан айы, тынчтыктын, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун айы экендиги баарыбызга маалым. Аллах Таалам ар бирибизди бул айда көптөгөн кайрымдуулук иштерди, пайдалуу жана сооптуу амалдарды аткарууну насип кылсын. Жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдүн муктаждыгын чечүүдө кол сунуп жаткан кайрымдуулук фонддорго, жеке ишкерлерге, жалпы кайрымдуу, берешен инсандарга ыраазычылык билдиребиз. Жараткан ар бирибизиди алуучу эмес, берүүчү пенделерден кылсын», – деди.