Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык диний мекемелерде ишембилик иштери уланууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык диний мекемелерде; мечит, медреселерде, диний окуу борборлордо ишембилик иштери кызуу улантылууда.

Ага ылайык Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында да тазалоо жумуштары  менен бирге көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүрүүдө. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы баардык район-шаарлардын баш имам-хатибдерине, диний билим берүү мекемелеринин мүдүрлөрүнө, тазалык иштерине тыкыр көңүл буруу менен бирге көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине басым жасоо талабын койду.

Облус казысы өз сөзүндө, «Урматтуу баш имам-хатибдер, имамдар, диний билим берүү мекемелеринин мүдүрлөрү, биз  тазалык жагынан башкаларга үлгү болушубуз абзел. Анткени ар бирибиз баян кылып жатканда, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) “Тазалык – бул ыймандын жарымы” деген хадисин дайыма айтып келебиз. Ошондуктан диний мекемелерде тазалык иштеринде көйгөй болбошу керек. Мен айтайын деген дагы бир маселе, бул көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши. Биз буга чейин да тазалык иштери менен катар мечит, медреселердин аймагында  көчөттөрдү, гүлдөрдү эгүү тапшырмасын бергенбиз. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө облустун бардык аймагында бул иштер колго алынды. Эми ошол өзүңүздөр экен көчөттөр менен гүлдөрдү камкордукка алып, алардын жетилүүсүнө көңүл буруңуздар. Элибизде “Жакшыдан бак калат” деген жакшы сөз бар. Ошондуктан сиздердин бүгүн тиккен ар бир көчөтүңүздөр эртеңки күн үчүн тарых болору талашсыз», – деди.

Эске салсак, жарыяланган ишембиликтин алкагында Жалал-Абад облусунун аймагында дин кызматкерлери тарабынан жалпы 1500 дөн ашуун көчөт отургузулган.  Алыскы тоолуу Тогуз-Торо, Чаткал райондорунда жаздын келүүсү башка аймактарга салыштырмалуу кеч болгондуктан көчөт тигүү аракеттери эми башталмакчы.