Ош облустук казыяты аалымдарга арнап ооз ачар уюштурду

Бүгүн, 22-март күнү Ош облустук казыяты тарабынан берекелүү Рамазан айында аалымдардын ынтымагын бекемдөө максатында «Баястан хан сарай» кафесинде ооз ачар уюштурулду.

Аталган ооз ачарга белгилүү дин аалымдарынан Садыкжан ажы Камалов, Умарали ажы Бекмуратов, Ниязалы ажы Арипов, Рахматулла ажы Касымов, Убайдулла ажы Сарыбаев, Мубарак ажы Маразыков, Абдурахман кары Атабаев, Ош шаардык казыятынын эмгек жамааты, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун аймагындагы райондук баш имам-хатибдер, облустук казыят кызматкерлери, репатрианттар менен иштөөчү айымдар, дин кызматкерлери жана башка сыйлуу коноктор катышты.

«Аксакал дамлаларыбыз, дин кызматында эмгектенген ага-инилерибиз жана башка сыйлуу конокторубуздун баарына чакыруубузга жок дебестен, убакыт бөлүп келип бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, уюштурууда кызмат кылган жана колдоо көрсөткөндөрдөн Аллахым ыраазы болсун. Аалымдарыбыз ар дайым ынтымакта болуп, диний баалуулуктарды жеткирүүдө талыкпай эмгектене бериңиздер», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Сый-тамак арасында белгилүү дин аалымдары өздөрүнүн нсааттарын айтышты. Алсак, Садыкжан ажы Камалов учурдагы дин тутуу эркиндиги жана диний илим алуу үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айтып, убагында тиешелүү шарттар болбогондуктан, көп кыйынчылыктар болгондугун билдирди.

Ошондой эле, Ош шаарынын казысынын 1-орун басары Муратали ажы Мамадияр уулу берекелүү Рамазан айында көпчүлүктү чогултуп, ооз ачар уюштурулгандыгы үчүн Ош облустук казыятына ыраазылыгын билдирди.

Ифтар кечи соңунда Куран аяттары окулуп, аалымдардын ак батасы менен жыйынтыкталды.

Айта кетсек, аталган ооз ачар иш-чарасын уюштурууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн «Баястан хан сарай» кафесинин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.