Сонун саамалык: 40 башкы имам-хатибге жана 9 казыга кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн, 25-март күнү КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкө аймагындагы 9 казыга жана 40 райондук башкы имам-хатибге кызматтык унаалар тапшырылды. Рамазандык иш-чарага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты.

Автоунааларды тапшыруу аземинде КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору дин кызматкерлерине Президенттин саламын жолдоп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашып жатканын, бул демилге анын жемиши экенин билдирди.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи өз сөзүндө автоунаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин жумушун жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилеп, бул кадам Кыргызстан мусулмандарынын коомдогу ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана элге ыңгайлуу, сапаттуу диний кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп саналат. Кызматтык автоунаалар аймактагы дин кызматкерлеринин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткарышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-декабрында ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 20 автоунаа тапшырылган болсо, бүгүн 29 кызматтык унаа тапшырылды.