Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Аталган ыраазычылык катты Жогорку Кеңештин депутаты Примов Улан Бердибаевич Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында бир катар мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык тапшыруу аземинде конфессиялар аралык мамилелерди өнүктүрүп, салттуу диний жана руханий баалуулуктарды жайылтууда талыкпай эмгектенип келе жаткандыгы үчүн Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообековго тапшырды.
«Жаш болсо да райондун диний тармагын жетектеп алгылыктуу иштерди жасап жатат. Мындан да жогорку сыйлыктарга жет. Эл үчүн кызмат кылып жүрө бер», – деди ЖКнын депутаты Улан Примов.
Эскерте кетсек, Эмирлан ажы Бообеков 2025-жылдын башында Алай РИИБи тарабынан жана Алай районунун акиминин Ардак баракчаларын алган.