Ноокат: Мечиттерге адамдын жүзүн тааный турган камералар орнотула баштады

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу мечиттерге жүз таануучу камералар орнотуу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Учурда Ноокат району боюнча 23 жүз таануучу камералар төмөнкү мечиттерде орнотулуп жатат:

— Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Кожо Арык» жана «Муратали Ажы» мечиттери;

— Төөлөс айыл өкмөтүндөгү»Молдо Шарап» мечити;

— Бел айыл өкмөтүндөгү «Бел Өрүк» мечити;

— Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү «Жийде» жана «Канды» мечиттери;

— Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Сахаба» жана «Халмат кары» мечиттери;

— Гулистан айыл өкмөтүндөгү «Бостон» жана «Абу Ханифа» мечиттери;

— Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү «ат-Термизий» жана «Имам Мухаммад» мечиттери;

— Ноокат шаарындагы «Маруфхан төрө» жана»Хамитжан кары» мечиттери;

— Т.Зулпиев айыл өкмөтүндөгү «Атамерек» жана «Баргы» мечиттери;

— Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү «Чечме-Сай» жана «Нойгут» мечиттери;

— Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү «Ак-Булак» жана «Кыргыз Ата» мечиттери;

— Кеңеш айыл өкмөтүндөгү «Арбын» жана «Атаке орто» мечиттери;

— Исанов айыл өкмөтүндөгү «Жаңы-Базар» мечити;

— Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү «Равза» мечити.

«Жогоруда аталган мечиттерде жүз таануучу камераларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда 15ке жакын мечитте орнотулуп бүттү»- деп билдирди Бекназар ажы Жапаров.

Аталган мечиттерге жүз таануучу камераларды жергиликтүү жамаат 55 миң сомдон сатып алып, аны Ноокат районунун тургуну Исматилла Аскаров акысыз орнотуп берүүдө. Ал эми интернетин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү төлөп бере турган болду.