Талас казыяты рамазандык кайрымдуулук иш-чара уюштурду

Ыйык Рамазан айы – ыйман, сабырдуулук жана берешендик менен айырмаланган мезгил. Бул касиеттүү айдын ичинде Талас казыяты кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунду. Облус аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр чакырылып, алар үчүн дасторкон жайылып, атайын ооз ачар уюштурулду.

Ифтар кечине Талас казыятынын үгүт-насаат адиси Ибраим Осмонбеков катышып, келген конокторду жана жардам алган үй-бүлөлөрдү Рамазан айы менен куттуктады. Ал орозо айындагы сооптуу иштердин маанисине токтолуп, ал жардам көрсөткөн бардык боорукер инсандарга терең ыраазычылыгын билдирип, алардын бул берешендиги чоң соопко айланарын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында 160 муктаж үй-бүлөгө жалпы наркы 592 000 сомдук азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Саамалыкка жергиликтүү кайрымдуу инсандар активдүү катышып, өз салымдарын кошушту. Алардын жардамы менен көптөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартууланды.

Бул сыяктуу кайрымдуулук иш-чаралары Рамазан айында дагы улантылып, муктаждарга жардам берүү жүргүзүлөрү белгиленди.