Узап бараткан Кадыр түнүндө Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, анын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков жана Каракол шаарынын жаңы мэри Тимур Мадяров өзүнүн командасы менен биргеликте шаардагы бир нече мечиттерди кыдырышты.
Облус казысы Кадыр түндүн мааниси жөнүндө баян кылып, аны туура өткөрүү боюнча насааттарын айтышып, жамаат менен бирге дуба кылып, баталарын беришти. Өз кезегинде мэр Тимур Мадяров да куттуктоо сөзүн айтып, бул ыйык түндүн берекеси ар бир үй-бүлөгө тынчтык, жакшылык алып келишин тиледи.
Кадыр түнү мечиттерде ыкчам уюштурулган иш-чаралардын жүрүшүндө элдин ынтымагы дагы бир ирет бекемделди.