Ысык-Көлдөгү мечиттерде массалык ишембиликтер жүргүзүлүүдө

КМДБ жетекчисинин буйругу жана Ысык-Көл облусунун казысынын тапшырмасынын негизинде облус аймагындагы бардык мечиттерде ишембиликтер жигердүү жүргүзүлүүдө. Мечиттердин айланасын иретке келтирүү, тазалыкты сактоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү имамдардын демилгеси жана жамааттын колдоосу менен аткарылып жатат.

Жергиликтүү жамааттар жана жаштар бул иш-чарага активдүү катышып, мечиттердин тегерегин тазалоо менен бирге коомдук жайларга да кам көрүүдө. Бул аракеттер Орозо айтка карата даярдыктын бир бөлүгү болуп, тазалыкты жана ыйманды сактоо маанилүү экенин дагы бир ирет эске салды.