Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков хатибият тарабынан жолоочуларга ооз ачар баштыкчалары таратылгандыгын билдирди.
«Рамазан айынын да акыркы күндөрүнө келип калдык. Аллахым баарыбыздын туткан орозобузду, кылган ибадат, дуба-тилектерибизди кабыл кылсын. Облустагы Ноокат жана Араван райондорунда хатибият менен жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратып баштап беришти. Биз да аны улай, бүгүн Гүлчө жолундагы жолоочуларга ооз ачар баштыкчаларын тараттык», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.
Ооз ачуу үчүн керектелүүчү азык-түлүктөр камтылган баштыкчаларды 50дөн ашуун жолоочуга таратылды.
Айта кетсек, аталган иш-чара облус аймагындагы Ноокат жана Араван райондорунда өткөрүлдү.