Орозо айтта коопсуздук күчөтүлөт: Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт

Орозо айт майрамында жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана айт намазынын тынч, иреттүү өтүшүн уюштуруу боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы төрт миңден ашуун мечитке жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер бекитилип, алар айт намазына келген жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө көмөктөшөрү белгиленди. Тиешелүү кызматтар жол тыгындарынын алдын алуу жана тартипти көзөмөлдөө иштерин күчөтөт.
Ошондой эле, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилиги буга чейин да жума намаздарында айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча шариятта белгиленген насааттарды айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин белгилеп, бул багытта маалыматтык түшүндүрүү иштерин мындан ары да күчөтүү зарылдыгын билдирди.
Жыйындын катышуучулары Орозо айт – бул биримдик менен берекенин майрамы экенин баса белгилешип, анын тынч жана коопсуз өтүшү үчүн мамлекеттик жана диний мекемелердин тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгүнө токтолушту. Азирети Муфтий жол коопсуздугун камсыздоодо тынымсыз эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, жарандарды тартипти сактоого жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.