Өлкөдөгү бардык мечиттерде шам баяны айтыла баштады

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун диний сабаттуулугун жогорулатуу, калктын руханий тарбиясын күчөтүү жана мечит имамдарынын агартуучулук ролун бекемдөө максатында бардык мечиттерде шам баяны айтыла баштады. Ага ылайык, шам баяны
10-15 минутага чейин болуп, мечиттин имамы же орун басары тарабынан баяндамалар жасалмакчы.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде жарандардын диний түшүнүгүн кеңейтүү, ыйманын бекемдөө жана адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоо максатында күнүгө шам баяндарын уюштуруну колго алган. Шам баяндарынын өтүлүшү коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошуп, эл арасында ынтымакты, биримдикти жана руханий жактан сергектикти чыңдоону көздөйт.
Шам баяндарынын негизги максаты – ислам динининнегизги ибадаттарын, анын ичинде намаз, орозо, зекет жана ажылык сыяктуу парздарды тереңден үйрөтүү, жаштарга туура багыт берүү жана коомдогу терскөрүнүштөрдүн алдын алуу. Ошондой эле баяндарда ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана адеп-ахлактык маселелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилет.
Шам баяндары өлкөнүн бардык мечиттеринде күн сайын жергиликтүү имамдар тарабынан өткөрүлүп,
жарандарга пайдалуу кеңештер берилет. Бул саамалык коомчулуктун руханий өнүгүүсүнө, адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын күчөтүүгө жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга багытталган.
Ыйман – жүрөктө, адеп – жүрүм-турумда, биримдик –коомдо болсо, мамлекетибизде өнүгүү болот!