Бишкекте мүлктү жана автоунааларды камсыздандыруу боюнча маанилүү жолугушуу өттү

Бишкек шаарынын борбордук мечитинде мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Музуралиев Канатбек Байсарыевич Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын дин кызматкерлери менен биргеликте жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстанда мүлктү, автоунааларды жана турак жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзам менен тааныштыруу, буга байланыштуу демилгелерди ишке ашыруу, жарандардын жана мамлекеттик мекемелердин коопсуздугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Мамлекеттик камсыздандыруу программалары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын презентация сунушталды.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы камсыздандыруу маселесине Ислам шариятына ылайыкташтырылган «такафул» моделин биргеликте колдонуу жана бул багытта иш алып барууну сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте кызматташуу жана шариятка ылайык механизмдерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу менен мусулман коомчулугунун кызыкчылыгына жооп берген камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү үчүн мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.