Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бакта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана «Move Green» экологиялык коомдук уюмунун өнөктөштүгү менен көчөт отургузуу иш-чарасын өткөрдү.
Бул демилге 2021–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын жана Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңешинин иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты шаар инфраструктурасын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, ошондой эле конфессиялар аралык диалогду күчөтүү жана коомчулуктун дин жаатындагы маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, этнограф Октябрь Капалбаев сөз сүйлөп, диндер аралык ынтымакты бекемдөөнүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйынтыгында иш-чарага 100дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер жана ар түрдүү конфессиялардын өкүлдөрү катышып, Ататүрк паркына 60 тан ашуун көчөт отургузулду.
Белгилей кетсек, 2018-жылы түзүлгөн Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши учурда 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ондогон иш-чараларды өткөрүп келет.