Бүгүн, 3-апрель күнү Ысык-Көл облусунун казыяты облустагы бардык район жана шаарлардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда жалпы жыйын өткөрдү. Иш-чарада диний багыттагы иштерди талкуулоо, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана мындан аркы иш-пландарды белгилөө маселелери каралды.
Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу да катышып, казыяттын жана баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу өз ойлорун билдирди.
Чогулушта жыл башынан бери жүргүзүлгөн иш-аракеттер, орозо айында өткөрүлгөн иш-чаралар, фитир-садаканын таратылышы, ошондой эле мечиттердин абалы жана тазалыгы боюнча баш имам-хатибдер отчётторун беришти.
Жыйынды Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Алмазбек ажы Сагындыков жана казыят кызматкерлери жетектеп, берилген отчётторду карап чыгышты. Андан сырткары, мечиттердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жергиликтүү жамааттар менен тыгыз иш алып баруу, жаштарды туура багытка үндөө жана экстремизмдин алдын алуу маселелери да талкууланды.
Жыйын соңунда облус казысы имамдардын биримдикте иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыдагы айларда жүргүзүлө турган иштер боюнча тапшырмаларды берди. Имамдар дагы өз ойлорун, сунуштарын ортого салып, диний ишмердүүлүктү мындан ары да өркүндөтүүгө аракет кылышарын билдиришти.