Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы диний билим берүүнү жакшыртуу алкагында жолугушууларды улантууда

Бүгүн, 3-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши (КМАК) менен биргеликте исламий билим берүү жаатында агартуу ишин улантуу максатында аалымдар тобу ордо калаадагы «Кутайба ибн Муслим» ислам институтунун студенттерине багытталган жыйын өткөрүп, бет маңдай форматта пикир алышты. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдулла ажы Асранкулов, Мирзат ажы Барпыбеков, Эмилбек Андартегин, институттун жетекчилиги, окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө АК мүчөлөрү салттуу ислам дүйнө таанымы (ханафилик-матуридилик), ислам тасаввуфу, илимдин пазилеттери, адеп-ахлак принциптери боюнча лекция окуса, Азирети Муфтийдин 1-орун басары Муфтияттын тутумундагы ДОЖдор, диний билим берүүнүн жаңы багыттары, системалоо, оптималдаштыруу жана күтүлүп жаткан натыйжалар боюнча сөз кылып, суроолорго жооп берди.
Айта кетсек, диний чөйрөдө жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун коомдо ислам маданиятын өркүндөтүү, диний билим берүүнү жакшыртуу жөнүндгү иш-мерчемдерин аткарууга алуу жана КМАКтын №1 протоколдук тапшырмасынын алкагында ДОЖдордо жолугушуулар өтүп жатат.
“Бул саамалык башка диний окуу жайларда дагы улантылып, жалпы ДОЖдордун студенттерине жана мугалимдерине түшүндүрүү иш-чаралары пландуу түрдө жүргүзүлөт”, – деди КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.