Кызыл-Суу айылында «Үлгүлүү окуучу» аталышындагы тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 4-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы Э. Гапаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы — «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу, Улуттук нарк, инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыктарды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чара уюштурулду.

Иш-чара алкагында Саруу айылынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Кудайбердиев Айдар Жумаевич «Ак сакалдан оң насаат», «Өмүрүңдөн береке тап» деген ата-бабалардан калган накыл сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп, жаштарга таалим-тарбия багытындагы баалуу ойлорун айтты.

«Үлгүлүү окуучу» деген аталыштагы бөлүгүндө мектептин жамааты, айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн кызматкери, айыл аймагындагы ак сакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары жана Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, 8 окуучуга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, тарбиялык мааниси чоң болду деп билдиришти казыяттан.