Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүндө мекенчилдик жана руханий тарбия багытында форум өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан №20636 аскердик бөлүмүндө кечээ, 3-апрель күнү маанилүү форум өтүп, Мекенди коргоочулар үчүн маанилүү маалыматтар жеткирилди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу Жарлыгын түшүндүрүү максатында жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) 2024-жылга карата жарыяланган №5 фатвасын жайылтуу багытында уюштурулду. Форумдун алкагында дин менен мамлекеттин, ыйман менен мыйзамдын айкалышы, улуттук нарк жана руханий тарбия, ошондой эле экстремизм жана терроризмдин алдын алуу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Форумга бир катар мамлекеттик жана диний жетекчилер катышты. Атап айтканда, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз сөздөрүндө мекенчилдик, ынтымак жана тынчтык тууралуу баалуу ойлорун айтып, аскер кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын аң-сезимин бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды жана динди туура түшүнүүгө өбөлгө болору белгиленди.