Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 60 тонна көмүр таратуу иш-чарасы өттү. Иш-чара Ысык-Көл казыяты тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен айыл тургундарына 60 тонна көмүр таркатылды. Кайрымдуулук саамалыгына Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев …
Ысык-Көл облусунун Түп районунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жана Түп райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Коопсуздукту сактоо – баарыбыздын башкы милдетибиз» аттуу форум өттү. Форумга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы …
2025-жылдын 11-январында Ысык-Көл облусунун Чырак айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жаттоо жана азан айтуу боюнча жарыш өткөрүлдү. Бул саамалык айыл жаштарын ислам баалуулуктарына кызыктыруу жана алардын диний билимин өнүктүрүү максатында уюштурулган. Жарышка жалпы 35 бала …
2025-жылдын 11-январында Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Тойчубек Ырысбай уулу менен жолугушту. Жолугушууга Узакбай уулу Ажы атындагы медресенин мүдүрү жана тазалык ишканасынын жетекчиси Азамат Шаршенбеков да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө …
Бүгүн, 27-декабрда Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Самидин кары айыл тургундарына исламдын негизги баалуулуктары, биримдик жана ынтымак тууралуу сөз сүйлөп, алардын …
2024-жылдын 26-декабрында Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдерден жылдык отчёт алды. Иш-чарага облус казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков, казыяттын кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер …
Кечээ, 25-декабрда Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун Тоң айылындагы «Орозакун уулу Узакбай ажы» атындагы медресенин жана Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Каныбек ажы» атындагы медресенин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Самидин кары эки медреседе …
2024-жылдын 25-декабрында Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун жалпы имамдары менен жолугушуу өткөрүп, алардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган лекция өттү. Жолугушуу учурунда казы Матуриди акыйдасы жана Ханафи мазхабы тууралуу кеңири маалымат берип, бул …