Кадамжай районунун имамдары Алип Көчкөнбаев, Айбек Кузибеков жана бир катар имамдар Майдан айыл өкмөтүндөгү “Козубай” атындагы орто мектебинде өзүн-өзү өлтүрүү, кылмыштуулук, зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө имамдар өзүнүн өмүрүнө кол салуу арам экендигин айтышып, ыйык Куранда: «Өзүңөрдүн жаныңарды жана үй-бүлөңөрдүн жанын тозоктун отунан сактагыла»,- деп айтылгандыгын түшүндүрүп, балдарга дин таалимин, ыймандуулукту үйрөтүү керектигин белгилешти.
Жан, өмүр Алланын улуу белеги болуп саналат. Ошондуктан өзүбүздүн жаныбызды кадырлашыбыз керек», – деди жыйынга катышкан имамдар.
Ошондой эле жыйындын уюштуруучулары бул көйгөйдү олуттуу кароого чакырып, жаш муундарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, аларга жакындан көңүл буруш керек экенин баса белгилешти.
Иш чарага айыл башчылары, мектеп директорулору, мугалимдер, ата-энелер катышып, жыйын маанилүү болгондугун баса белгилешти.