Татарстандын туңгуч Президенти Минтимер Шаймиев: «Кыргыз эли байыркы эл»

Мындай пикирин бугүн, 21-июлда Татарстан Республикасынын туңгуч президенти жана Татарстан Республикасынын Мамлекеттик Кеңешчиси Минтимер Шаймиев  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолуккан учурунда  билдирди. Ал өз сөзүндө кыргыз эли улуттук каада-салты, үрп-адаты менен таанымал экендигин, кыргыз эли  Манас эпосу менен сыймыктанып,  Чыңгыз Айтматов менен бүткүл ааламга  белгилүүлүгүн баса белгиледи . Муну менен катарМинтимер Шаймиев кыргыз эли байыркы эл экендигин айтып, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге өзүнүн ыраазычылыгын жана Татарстан элинин саламын жолдоду. Ал эми Азирети Муфтий кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бири болгон сайма кийизди белекке берип, эки элдин достугунун бекемделе беришине тилектеш экендигин билдирди.