Азирети Муфтий Татарстанда өткөн «Изге Болгар жыены» аттуу съездге катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасын Болгар шаарындагы Болгар Ислам Академиясынын жыйындар залында өткөн «Изге Болгар жыены» аттуу майрамдык иш чарасына катышты. Саамалык Болгарлардын Ислам динин расмий кабыл алуу күнүнө арналып, майрамдык салтанаттын урматына карата уюштурулган съездге Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик Кеңешчиси Минтимер Шаймиев, Татарстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Камиль Искандерович Самигуллин жана Казакстан, Өзбекстан, Дагестан, Орусия мусулмандарынын дин башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты. Саамалыкты Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов ачып, чакырыкка жооп берип келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Биз динибиздин баалуулуктарын коргоп, ошону менен бирге элибиздин каада-салт, үрп-адаттарын баалашыбыз керек. Салттуу Ислам динин өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонгондор бар. Ошондуктан биз билим берүү, туризм, адал жашоо боюнча иш алып барганыбыз маанилүү. Бизде медресе, институттар жакшы иш алып баруусу керек жана мындай иш чаралардын өтүп туруусу маанилүү-деди Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов.

Ал эми жалпы катышуучулар өздөрүнүн майрамдык салтанатка арналган жылуу пикирлерин билдирүү менен бул иш чара мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдей тургандыгын билдиришти.  Эскерте кетсек, «Изге Болгар жыены» 1995 жылдан бери Татарстан Республикасында расмий майрам катары белгиленип, коңшу мамлекеттерден бир катар коноктор чакырылып келет.