Азирети Муфтий Татарстандагы иш сапарынын алкагында Татарстан Мусулмандарынын Муфтийи менен жолугушуп, кызматташуу жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Татарстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Камиль Искандерович Самигуллин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, дин башкармалыктар арасындагы алаканы, достукту чыңдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев  өз  кезегинде Татарстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийине ыраазычылыгын билдирип, диний жааттагы иш чараларды жана дин кызматкерлеринин тажрыйбаларын бекемдөөдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы даяр экендигин белгилеп,  дин башкармалыктар ортосундагы ынтымак мындан ары дагы бекемделе берээрин билдирди. Ал эми Татарстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Камиль Искандерович Самигуллин чакырыкка жооп берип, өзүнүн убактысын бөлүп келген Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге ыраазычылыгын билдирди.