Кара – Буура районунун Ак – Жар айылында жаңы заманбап мечит курулууда

Талас облусунун Кара – Буура районунун Ак – Жар айылында жаңы заманбап мечит курулууда. Бул тууралуу айылдын имам хатиби Суеркул Чалбаев билдирди.

Анын айтымында, мечит «Ассанабил» фонду тарабынан 260 кишиге ылайыкталып, салынууда.

“Ушул салынып жаткан мечит айыл тургундарына жана балдарыбызга руханий тарбия алууга жана салттуу динибизди үйрөнүүгө себеп болооруна ишеничтемин”,- деди айыл имамы.