Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусуповдун апасы Арзыбай кызы Мейликандын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу КМДБ көңүл айтат

Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусуповдун апасы Арзыбай кызы Мейликандын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана өлкөдөгү имамдардын атынан Алибек ажыга анын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жараткан Алла Таала Мейликан ажы энени өз мээримине алсын. Жайын жаннаттан кылсын.

Урматтуу Алибек ажы! Жараткан Эгебиз Мейликан ажы эненин билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, сурагын жеңил кылсын. Энеңизге Фирдаус бейишинен жай берсин.