Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Ч. Айтматов атындагы эл аралык китепкананын курулушуна капсула салды

Бүгүн, 10-сентябрда Талас шаарында Адеп башаты коомдук фонду тарабынан Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык  китепкананын пайдубалына капсула салуу иш-чарасы болду.

Саамалыка Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Бишкек шаарынан келген коноктор, демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Капсула салуу жөрөлгөсүндө Сулумбек ажы Узеналиев билимдин уясы болгон китепкананын курулушуна ийгилик каалап, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Таластын ишкер мырзалары тарабынан курулуп жаткан китепкананын келечеги кең болсун. Бул жер мекенибиз үчүн  ак эмгегин аябаган билимдүү жаштардын ордосуна айланып, мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө салым кошкон инсандар көп болсун»,-деди Сулумбек ажы Узеналиев.

Китепкана үч кабаттан турат. Анда заманбап китеп окуу бөлмөлүү, эс алуу жайы, намазкана, конференция залы жана окурмандарга жык толгон китеп текчелери орун алмакчы.