Баткенде облустук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 9-сентябрда Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечиттинде облустук деңгээлде республикалык Куран жарышына тандап алуу конкурсу болуп өттү.

Куран жарыштын ачылышына облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып, Курани Каримди окуп үйрөнүү жана башкаларга үйрөтүүнүн пайдасы тууралуу айтып  катышуучуларга ийгилик каалады.

Облустун ар кайсы аймагынан келген конкурстун катышуулары өздөрүн 10 пара, 20 пара жана 30 пара Куранды жатка тажвид менен окуу боюнча күч сынашып, жыйынтыгында  калыстар тарабынан төмөнкү карылар жеңүүчү аталды.

  1. 10 пара — Имарали уулу Мухамедшариф
  1. 20 пара — Акылбек уулу Өмүрбек
  1. 30 пара — Малабаев Иброхим.

Аталган карылар 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышына катышмакчы.