Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мечттердин тазалыгын текшерди

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу «Матисак» мечитинин ишмердүүлүгү менен жеринде  таанышып, жазгы жашылдандыруу иштерин жана  мечиттин ички, сырткы тазалыктарын текшерди.  Андан соң жергиликтүү жамаат менен жолгуп, «Орозо айынын пазилеттери» аталышында баяндама жасады. 

Эскерте кетсек, мечиттердин ички жана сырткы тазалыктарын текшерүү иштери районго караштуу башка мечиттерде дагы улантылмакчы.