Баткен облусунун казыяты каттоодон өтө элек мечит имамдары менен жолугушуп, тоскоолдуктардын себебин аныкташууда

Кадамжай районун борбордук мечитинде Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов,  казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси  Аппазов Сайдахмад эсептик каттоодон өтпөгөн мечит имамдары менен жолугушту. Жыйында Муса ажы Жолдошов  Кадамжай райондук администрациясынан жана архитектурадан келген өкүлдөргө ыраазычылыгын билдирип, мечиттердин каттоосу маанилүү экендигин жана бул ишке кайдыгер карабай тездетүү керектигин эскертти. Ошондой эле Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарынын имамдарынын ар бирин кабыл алып, документ иштерин текшеришти.