Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен жакыр жашаган 100 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Жалал –Абад облусунун Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаиловдун демилгеси менен жакыр жашаган 100 үй-бүлөгө  тамак-аш азыктары таратылды.  

“Жетим балдарга камкордук кылуу   эң чоң сооптуу амалдардын бири. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын хадисинде келген: “Жетим балага камкордук кылган адам бейиште сүйүтүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) менен бирге болуштугу айтылган”.  Элге кайрымдуулук жардамын көрсөткөн мекендештериме терең ыраазычылыгымды билдирем”,-деди Жунус ажы Исмаилов.